• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында балдарга майрамдык маанай тартууланды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында балдарга майрамдык маанай тартууланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган топ, Жалал-Абад шаарында жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине барып, мындагы балдарды 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады.

Аталган жайда өлкөнүн бардык аймактарынан келген, 4 жаштан 18 жашка чейинки 103 бала бар. Балдарга жергиликтүү бийлик тарабынан шириндиктер жана акча каражаты тапшырылды.

Мындан сырткары шаардагы балдарга майрамдык маанай тартуулоо максатында, көп кабаттуу үйлөрдүн алдына маданият кызматкерлери тарабынан чакан концерттик программа тартууланып, балдарга шириндиктер, балмуздактар таратылды.

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” жана “Токтогул” эс алуу багындагы аттракциондордо, 150 бала демөөрчүлөр тарабынан акысыз ойношту.

Жалал-Абад шаарында 39 тоголок жетим балдар, 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген 524 бала, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 2 миңден ашуун балдары бар. Аларга майрамдык маанай тартуулоо үчүн шаар казынасынан 316 миң 500 сом акча бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий