• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында башаламан соода жайлары алынууда

Аймак 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында башаламан соода жайлары алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен шаарды иретке келтирүү максатында шаардын борбордук базарындагы тротуарга чыгып алган соода күркөлөрү алынып жатат.

Шаар башчысы Ормоков буга чейин чачкынды соода жайларын көчүрүү үчүн базар болбогондугу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалбай келгенин баса белгилеп, элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында жергиликтүү бюджеттен жаңы муниципалдык базар курулганын кошумчалады.

Буга чейин тротуарга күркөлөрдү коюп соода жүргүзгөндөргө жаңы базардан акысыз соода жайларын алып, көчүп баруу сунушу берилген. Ага карабастан соодагерлер тротуарларда соода-сатык менен алектенип келишүүдө.

Белгилей кетсек, учурда муниципалдык базар толугу менен иштөөгө даяр абалда.

Пикир

Оставить комментарий