• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында беш күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт. Себеби

Аймак 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында беш күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Түштүктрансгаз” филиалы “Майлуу-Суу-4-Ош” магистралдык газ өткөргүчтүн түтүгүн пландалган алмаштыруу иштерине байланыштуу 5-апрелден 9-апрелге чейин Жалал-Абад шаарында убактылуу жаратылыш газы өчүрүлөт.

“Күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде Жалал-Абад шаарынын колдонуучуларын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жумуштар жүгүзүлүүдө. Мындан сырткары, 1965-жылы курулган магистралдык газ өткөргүчтүн иштөө ресурсун калыбына келтирүү максатында өткөрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

“Түштүктрансгаз” филиалы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт. Ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий