• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Жалал-Абад шаарында бир адам обсервацияда жатат – мэр

Аймак 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында бир адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев билдирди.

"Бүгүнкү күнү Жалал-Абад шаарында ооруканада жаткан бейтап жок. Шаарда 7 учур катталган. Учурда шаарда 1 адам обсерацияда жатат. Ал кишинин анализдери да оору жок деп чыгарына үмүт кылабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-майга карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 756ны түзөт. Алардын ичинен 504 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда киргизилген өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды.

Пикир

Оставить комментарий