• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында борбордук базардын санитардык абалы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Гүлмира Худайбердиева, Адил Жоробаев, Түгөл Сейдалиев тиешелүү адистер менен биргеликте борбордук базардын тамак-аш , өрт коопсуздугун жана санитардык абалын текшеришти.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, кыдыруу учурунда базардын ичиндеги айрым ашканалардын санитардык абалы талапка жооп бербегендиги жана тамак-аш коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы маалым болду.

Эл өкүлдөрү кемчиликтерди жеринде жоюу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды беришти. Ошондой эле базардагы санитардык абалга көзөмөл жүргүзүүчү санитардык дарыгердин укуктарын жана милдеттерин кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Мындан сырткары, өрт коопсуздугу сакталбай, жол тыгынын пайда кылып жаткан борбордук базардагы көйгөйлөрдөн арылуу үчүн жаңы муниципалдык базарга тез арада көчүрүү зарылдыгын айтышты.

Белгилей кетсек, алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.

Пикир

Оставить комментарий