• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында өткөн жарманкеде 300гө жакын бош орун сунушталды

Аймак 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад шаарында бош орундардын жарманкеси өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жарманке Жалал-Абад шаардык мэриясы жана шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. Жарманкеде 300гө жакын бош жумушчу орундары сунушталды.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, шаардагы мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, окуу жайлардын студенттери жана жумуш издеген жарандар катышты.

Белгилей кетсек, калктын жашоо-шартын жакшыртуу, сырткы эмгек миграциясын кыскартуу, ишкердикти өнүктүрүү багытында мындай жарманке жылына 2 ирет өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий