• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундарынын жарманкеси өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундарынын жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад мэриясы шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте бош жумуш орундарынын жарманкесин өткөрүүдө.

“Жарманкеде шаардын жумуш издеген жарандарына, бүтүрүүчүлөргө бош жумуш орундары сунушталат. Жарманке Жалал-Абад шаарынын Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтта өтүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий