• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундарынын жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 26.05.21 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 28-май күнү бош жумуш орундарынын жарманкесин өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманке Жалал-Абад шаардык мэриясы жана шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлүүдө.

Жарманкеде Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон район-шаарларынан жана чет өлкөдөн жумуш издеген жарандар, бүтүрүүчүлөр үчүн 400гө жакын бош жумуш орундары сунушталат.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилиши. Болжол "Мир" кинотеатрынын алдындагы аянт. Башталышы саат 09:00дө.

Пикир

Оставить комментарий