• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында үч айдын жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаардык мэриясында коллегия өттү. Аны мэр Эрнисбек Ормоков жетектеп, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, вице-мэрлер жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, коллегияда 2021-жылдын үч ай ичинде аткарылган иштер тууралуу отчет берилип, бардык тармактарга коюлган тапшырмалар тууралуу маалымат айтылды. Аны менен бирге санариптешүү, балдардын шашке тамагына байланыштуу маселелер каралды.

Мындан сырткары, мэр тарабынан жаңы дайындалган жетекчилерге өз тармагындагы көрсөткүчтөрдү жакшыртуу талабы коюлду. Белгиленген милдеттерди толук кандуу аткарбаган жетекчилерге чара көрүлө турганы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий