• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында COVID-19 илдетине байланыштуу киргизилген айрым чектөөлөр алынды

Аймак 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында COVID-19 илдетине байланыштуу киргизилген айрым чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясында ыкчам штабдын жыйыны болуп өттү. Анда шаар аймагындагы кафе, ашкана, чайкана, тез татым, түнкү клубдар жана коомдук тамактануучу жайлар 2021-жылдын 9-июлунан тартып орундуктарын 50%га азайтып, алгоритмдин сакталышын эске алуу менен ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берилди.

Ошондой эле, пандемиядан улам токтоп турган балдардын лагерлердеги жайкы эс алуусуна да уруксат берилди. Ага ылайык, Кара-Алма айылындагы “Алтын-Балалык” балдар эс алуу борборунда шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары жана камкорчусу жок өспүрүмдөр, 2021-жылдын 15-июлунан тартып лагерде эс алууга жибериле баштайт. Аталган балдар эс алуу борбору 120 орунга ылайыкташкан. Бирок, пандемиядан улам лагерде 60ка чейин гана баланы эс алдыруу бекитилди.

Ал эми калкты тейлеген мекеме-ишканаларга, банктарга (менчигинин түрүнө карабай) КР министрлер кабинетинин 2020-жылдын 11-майындагы №244 “COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү” токтому, КР Билим берүү жана илим министрлиги менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин биргеликте түзүлгөн алгоритмдин сакталышын жана санитардык талаптар менен кызмат көрсөтүү жагы милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, шаардын аймагындагы кафе-ресторандар, тез татым, түнкү клубдар жана коомдук тамактануучу жайлар 2021-жылдын 22-июнунан тартып, таңкы саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин орундуктарын 50%га азайтуу менен ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү бекитилген. Ошондой эле кечки саат 20:00дөн кийин коомдук тамактануучу жайлар буйрутманын негизинде жеткирип берүү жана алып кетүүгө шарт түзүү тартибинде гана иш алып баруусу да каралган.

Пикир

Оставить комментарий