• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүнү каалагандар арбыды — мэрия

Аймак 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүнү каалагандар арбыды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер вакцина алуу жолу менен гана вирустун андан ары жайылышына бөгөт коюуга болорун белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анын арты менен шаарда эмдөөдөн өтүүнү каалаган жарандардын саны өсүүдө.

Жалал-Абад шаарында 6-августка карата COVID-19га каршы 4 миң 846 адам эмдөөдөн өттү. Ал эми өлкө боюнча COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын жалпы 489 миң 810 адам алса, 123 миң 218 адам экинчи дозасын алды.

Пикир

Оставить комментарий