• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында дагы бир жер астындагы өтмөк курулат

Аймак 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында быйыл дагы бир жер асты өтмөгү курулуп, инфраструктуралык курулуштардын көлөмү көбөйөт. Ал эми шаардык кеңештин депутаттары иштин сапатына көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын айтышууда. Бул тууралуу шаар мэриясында 2019-жылдын бюджетин талкуулаган коомдук угууда кеп болду.

Шаар мэри өткөн жылы курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 147 миллион сом бөлүнүп, көп иш аткарылганын маалымдады. Шаар тарыхындагы биринчи жолу жер асты өтмөгү жана ондогон курулуштар бүткөрүлгөн.

Быйыл шаардыктардын сунуш-талаптары эске алынып, борбордук Ленин көчөсүнө дагы бир жер асты өтмөгү куруу пландалды. Ал өткөн жылдагыга караганда кенен жана ыңгайлуу, соода жайлары менен кошо курулмакчы. Андан сырткары, тротуарлар, балдар бакчаларын куруу, негизги көчөлөрдү кеңейтүү, скверлерди жасоо жана шаарды жашылдандыруу саясатын күчөтүү көздө тутулууда. Ошондой эле шаардын эки аймактык башкаруусу газдаштырылып, саркынды суу тармагын реабилитациялоо долбоору башталат.

Коомдук угууга катышкан шаар тургундары бюджет жана аткарылуучу иштер боюнча өздөрүнүн сунуштарын айтышып, жалпысынан аны жактырышты.

Белгилүү болгондой, 2019-жылы шаардын жергиликтүү бюджетинин көлөмү 386 миллион сом болуп, анын 40 пайызынан кем эмеси курулуш иштерине жумшалмакчы. Ал эми жалпы шаарда быйылкы жылы салыктардан 359 миллион 421 миң сом киреше алынса, салык эмес кирешелери 110 миллион 992,4 миң сом деп долбоорлонгон.

Пикир

Оставить комментарий