• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында дарыкананы карактаган эки жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында дарыкананы карактаган эки жаш жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-январь күнү саат 22:30 чамасында азиат улутундагы 25-30 жаштар чамасындагы 2 жаран бетине медициналык беткап тагып алышып, Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирине киришип, сатуучу кызды бычак менен коркутуп, кассада болгон 10 миң 300 (он миң үч жүз) сомду, сатуучунун сумкасындагы 500 сом акчаны жана кол саатын, санитардык китепчесин алышып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Коомчулук арасында резонанс жараткан өзгөчө оор каракчылык кылмышынын бетин тез аранын ичинде ачуу максатында Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, алгач алардын өздүктөрү такталып, натыйжада шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 20 жаштагы тургундары У.М. жана А.О. кармалышып, жанынан кылмыш ишине тиешелүү далил буюмдар алынган.

Андан сырткары шектүү делген У.М.нын жанынан өзгөчө кеcкин жыты бар 1,38 грамм баңгизаты табылып алынган.

Бул факты боюнча да КРнын Жазык кодексинин 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы күндө алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий