• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында эки көчөгө жалпы узундугу 3 чакырым тротуар курулду

Аймак 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы З.Жамашев жана Т.Балтагулов көчөсүнө мэриянын жол башкармалыгы тарабынан кеңдиги эки метр, жалпы узундугу 3 чакырымды түзгөн тротуар курулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, алдыда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Т.Балтагулов көчөсүнүн кеңейтилген бөлүгүнө асфальт төшөө, темир-бетон арык куруу иши жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуар куруу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий