• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында элдин жашоо-шартын аныктоо үчүн үймө-үй кыдыруу өнөктүгү башталды

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында элдин жашоо-шартын аныктоо үчүн үймө-үй кыдыруу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында шаардын аймактык башкармалыктары, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте калаадагы үйлөрдү кыдырып чыгышат. Ал аркылуу үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана турмуштун оор кырдаалына кабылган, мектепке тартылбай калган балдар аныкталат.

Андан тышкары, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок же ата-энеси миграцияда жүргөн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөнүндө да маалымат чогултулат. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана кароосуз карыялардын абалына анализ жүргүзүлөт.

Үймө-үй кыдыруу өнөктүгү бир жумага созулат.

Пикир

Оставить комментарий