• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында Энелер күнү белгиленип, белектер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, баатыр энелер, коомдук ишмер айымдар катышты.

Мэр бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилеп, жалпы апаларды "Энелер күнү" менен куттуктап, белектерди тапшырды.

Ошондой эле шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев да 100 энеге белек берип кубантты.

Майрамдык иш-чарада Мар Байжиевдин «12-күн» драмасы көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында 251 “Баатыр эне”, 46 “Эне даңкы” медалынын ээси бар.

Пикир

Оставить комментарий