• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык абалды эске алуу менен беткап режими күчүнө кирүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн санитардык талаптарды аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Тийиштүү тармактардан түзүлгөн 4 топ тарабынан шаардын аймагындагы мекеме-ишканаларга, банктарга, соода жайларына, коомдук тамактануучу жайларга, базарларга эскертме кагаздары берилди. Алар санитардык эрежелерди сактоого чакырык таштап, беткап тагып, антисептикалык каражаттар менен иштөөнү айтышты", - деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий