• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында ERIK долбоорунун алкагында 2 мектеп оңдолот

Аймак 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-январда, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков "Кыргызстандын туруктуулугун жогорулатуу" долбоорунун (ERIK) координатору Эрмек Биялиев менен жолукту. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэрисынын басма чөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда аталган долбоор аркылуу шаардагы С. Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейин жана Б. Осмонов атындагы №5 гимназия мектебин реконструкциялоо маселеси каралды. Жогорудагы мектептер атайын критерийлер менен тандалган.

Тандалган мектептерде сейсмикалык коопсуздук жана энергияны үнөмдөө талаптарын эске алуу менен реконструкциялоо, суу менен камсыздоо, канализация жана ички дааратканаларды куруу жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий