• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында гүл көчөттөрү отургузула баштады

Аймак 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери күнөсканада даярдалган алгачкы күл көчөттөрүн отургузуу иштерин башташты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн жумуш иштери калаанын борбордук Ленин көчөсүнүн боюндагы клумбаларга гүл көчөттөрү тигилди. Бул жылы жаз-жай мезгилдеринде шаар көчөлөрүн көркүнө чыгарып, тургундарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында, аталган чарбанын кызматкерлери кызуу даярдыктарды көрүүдө.

Белгилей кетсек, бул жылы Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнө гүлдүн жалпы 22 түрүн тигүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий