• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында гүлдөр жарманкеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы "Мир" кинотеатрынын алдында гүлдөр жарманкеси өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара 1-октябрь - Эл аралык карылар күнүнө карата уюштурулган. Анда жашы улгайган жарандар тарабынан жарманкеге гүлдөр коюлду.

Жарманкеге Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, мекеме-ишканалардын жетекчилери, "Улуттук Кызыл Ай Коомунун", "Данакер" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясы карылар күнүнө карата 15-сентябрдан 15-октябрга чейин бир айлык жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий