• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында гүлдөрдүн жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы "Мир" кинотеатрынын алдында гүлдөр жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара 1-октябрь - Эл аралык карылар күнүнө карата уюштурулууда. Анда жашы улгайган жарандар тарабынан жарманкеге гүлдөр коюлат.

“Жарманкеден өзүңүзгө жаккан гүлдөрдү сатып алсаңыздар болот, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий