• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында Юлчибаев көчөсүнө асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Спутник аймактык башкармалыгынын Т. Юлчибаев көчөсүндө дээрлик жарым чакырым жерге асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, аталган көчөдөгү жолго Союз мезгилинде да асфальт төшөлгөн эмес.

Жакында эле тургундардын демилгеси жана калаа бийлигинин колдоосу менен узундугу 482 метр, туурасы 5 метр болгон жолго асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген. Жумуш иштеринин алкагында бир катар коммуникациялык маселелер да жолго коюлган.

Жаңыланган жолдун ачылыш салтанатына шаар мэри Мураталы Тагаев катышкан.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарындагы Спутник аймактык башкармалыгындагы Т. Юлчибаев көчөсүндө жалпы 300гө жакын киши жашайт.

Пикир

Оставить комментарий