• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатыла баштады

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түмөнбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык “Строймаркет” курулуш базарынын короосуна 22,5 тонна көмүр келип түштү.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков көмүр жеке ишкерлер менен сүйлөшүү аркылуу Таш-Көмүр шаарынан алып келингенин, базар баасынан 3 миң сомго чейин арзан экенин билдирди. Калаа башчысы көмүрдүн сапатын, элдин суроо-талабын билүү үчүн алгач азыраак көлөмдө буюртма берилгенин кошумчалады.

Көмүр шаар тургундарына гана жеткиликтүү жана ар бир кардарга 1 тоннадан ашык көмүр сатылбайт. Ормоков муну көмүрдүн жарандардын баарына бирдей жеткиликтүү болуусун камсыздоо жана ортомчулар дүңүнөн алып, кайра элге кымбат баада сатуусунун алдын алуу максатында көрүлгөн чара экенин белгиледи.

Арзан көмүр суроо-талапка жараша үзгүлтүксүз негизде Таш-Көмүрдөн ташылып турат. Учурда Жалал-Абад шаарында жеке ишкерлер тарабынан бир тонна көмүр 6-7 миң сомдон сатылууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарына жыл сайын 10 миң тоннага чейин көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө анын 80%ы камсыздалган. Ал эми социалдык мекемелер 100% га көмүр менен камсыз болгон.

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылса болот: 0553 008 595, 0778 620 205.

Пикир

Оставить комментарий