• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында күндүзгү стационар ишин токтотту

Аймак 0

Бишкек, 18.08.20 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында күндүзгү стационар ишин токтотту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев спорт мектебинде уюштурулган күндүзгү стационар кайрылгандардын саны азайгандыгына байланыштуу жабылды.

Учурда “Газпром” спорт комлексиндеги күндүзгү жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорт залындагы түнкү стационарлар иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий