• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында “Кайырчы” рейди жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-майда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен Жалал-Абад шаарынын аймагында лөлү тектүүлөргө “Кайырчы" аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясы социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп жаткан рейд таң эртеден башталган.

Шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратып, коомдук жайларда тилемчилик кылгандардын алдын алуу максатында лөлү тектүү жарандар убактылуу жашаган жерлеринен ШИИБге жеткирилген. Алардын өздүктөрү такталып, жашаган жерлерине сунуштар жөнөтүлдү.

Жалпысынан 20 ата-эне колунда жаш балдары менен тилемчилик кылаары аныкталды. Алардын ичинен 5 жаран 2 жаш өспүрүм менен Өзбекстан Республикасынан келгени белгилүү болду.

Учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий