• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында кайырчыларга рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кайырчыларга рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тармактардын өкүлдөрү тарабынан Ош облусунан келип шаар аймагында тилемчилик кылып жаткан лөлү тектүү 6 жаран аныкталды.

Милиция кызматкерлери тарабынан аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өз аймактарына жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий