• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында кайырчылык менен алектенгендерге рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кайырчылык менен алектенгендерге рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев баштаган топ базарларда, эл көп жүрүүчү жайларда кайыр сурагандарга рейд жүргүзүштү.

"Кайырчы" деп аталган рейдде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да аныкталды. Суук мезгилде кайыр сурап отурган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саламаттыгы эске алынып, үйлөрүнө жиберилди. Шаар бийлиги тиешелүү тармактар менен бирге ал жарандардын өздүгүн тактап, жашаган аймактарына сунуш жолдонот. Кайыр сурагандардын көпчүлүгү башка аймактардан келгендер болуп чыкты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий