• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында кант диабетине акысыз текшерүү өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.11.22./Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Өз кантыңды бил!" акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган акция 21-22-ноябрь күндөрү саат 10дөн 15:00гө чейин Б.Осмонов көчөсүндөгү Фрунзе гипермаркетинин имаратында өтүүдө. Акциянын алкагында шаар тургундары жана коноктору кант диабети боюнча акысыз текшерүүдөн өтө алышат.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдындагы “Ден соолукту чыңдоо” кабинетинин дарыгерлери кант оорусу тууралуу акысыз кеңештерди берүү менен бирге кан басымды, салмакты текшерип беришет.

Белгилей кетсек, аталган акция 14-ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү” күнүнө карата Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий