• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында кеңейтилген Шопоков көчөсү пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы кеңейтилип, жаңыдан асфальт төшөлгөн Шопоков көчөсү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолду ачуу аземине Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мэрдин орун басарлары жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Шаар мэри жергиликтүү жашоочуларды жолдун ачылышы менен куттуктап, элди түйшөлтүп келген көйгөйлөр ирети менен чечилип келе жатканын белгиледи.

Аталган көчөнүн узундугу 1167 метрди түзөт. Жолдун туурасы кеңейтилгенге чейин жалпы 12 метрди түзгөн болсо, учурда 21 метрге чейин кеңейтилди. Кеңейтүү ишинин алкагында жолдун эки тарабына тротуар, темир-бетон арыктар курулуп, жарыктандыруу иши жүргүзүлдү.

Курулушка жергиликтүү бюджеттен 42 млн сом акча каражаты жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий