• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында кесипке багыт берүү жаатында окутуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Жалал-Абад шаардык башкармалыгы “Социалдык өнөктөштөр менен ишке орноштуруу жаатында кызматташууну талкуулоо жана кеңейтүү» аттуу иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева жана шаардын мекеме-ишканаларынын, аймактык башкаруулардын башчылары катышты.

Мындай баарлашуунун негизги максаты - жумушсуздукту кыскартуу, жумуш издөөчү менен, иш берүүчүнүн ортосунда ишенимди арттыруу жана келишим түзүү, кесипке багыт берүү, эмгек рыногун жаңы иш менен камсыз кылуу, калктын аярлуу катмарынын экономикалык муктаждыктарын канааттандыруу, ошондой эле калктын социалдык жактан корголгон муктаждыктарын канааттандыруу аркылуу экономикалык өнүгүүнү жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат.

Бул иш-чара Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү тарабынан Германия кызматташтыгы "GIZ" эл аралык уюмунун көмөгү менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий