• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында киргизилген бир катар чектөөлөр алынды

Аймак 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында киргизилген бир катар чектөөлөр алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коомдук тамактануучу жайлардын 20:00дөн кийин иштөөсүнө тыюу салган чектөө алынды. Бирок адамдын саны 50дөн ашпай, санитардык эрежелер так сакталышы зарыл. Ал эми чайканалардын, бильярд залдарынын иштөөсүнө уруксат берилди.

Ошондой эле коомдук мончолордун, унаа базарынын иштөөсүнө салынган чектөөлөр алынды. Буга чейин жеке мончолор гана иштеп, коомдук мончолорго тыюу салынган эле. Унаа базары мурункудай тартипте ишин улантат.

Белгилей кетсек, бала бакчаларга, интернет клубдарына, той-аштарга байланыштуу киргизилген чектөөлөр күчүндө калды. Ошондой эле базарлар график менен жумасына бир ирет жабылып, санитардык күн болот.

Пикир

Оставить комментарий