• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында койдун жүнү кайра иштетилип, жууркан-төшөктөр тигилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жеке ишкер Чынара Алимаматова жүндү тазалап, кайра иштетип, андан кездеме жасап, жүндөн жууркан тигүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкананын ачылганына 5 ай гана болду. Ага карабастан ишкана Казакстан, Россия, Германия жана Италияга жеке буйрутмаларды жөнөтүп келет.

Жүндү кайра иштетүү идеясы Чынара Алимаматовага пандемия учурунда келген. Ал алгач балдарына жууркан тигип, андан соң жакындарына сунуштап, чакан цех ачууну чечкен.

Учурда Чынара Алимаматова күнүнө 50гө жакын жуурканды тигүүдө. Кыз-келиндерди жумуш менен камсыздап цехти дагы кеңейтсем деген тилектери арбын.

Пикир

Оставить комментарий