• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында "Комуз күнү" белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Комуз күнү" белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, шаар тургундары, М.Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинен 50дөн ашык комузчу катышты. Анда комузчулар тарабынан бир нече күүлөр шаар тургундарына тартууланды.

Белгилей кетсек, 2019-жылдан тарта 9-сентябрь - Комуз күнү катары белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий