• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында коомдук алдын алуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Спутник аймактык башкармалыгынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, аталган башкармалыктын имаратында коомдук алдын алуу борбору ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов, аймактык башкармалыктардын башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Башкармалыктын имаратын оңдоп-түзөө иштерине жана компьютердик жабдуулар, эмеректер менен камсыз кылууга жалпысынан 800 миң сомдон ашуун каражат жумшалган. Каржылоо жергиликтүү бюджеттен жана эл аралык толеранттуулук фонду, "Saferworld" уюму тарбынан ишке ашкан.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 4 коомдук алдын алуу борбору бар. Аталган борборлор жергиликтүү жашоочулардан түшкөн арыз-даттанууларды кароо, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө, жашоочулар арасындагы пикир келишпестиктердин алдын алуу боюнча иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий