• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайлар текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайлар текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова санитардык көзөмөл борбору жана шаардык милиция кызматкерлери баштаган атайын комиссия, шаар аймагындагы коомдук тамактануучу жайлардагы тамак-аш коопсуздугу, санитардык эрежелердин сакталышы боюнча атайын рейдге чыгышты.

Белгилей кетсек, шаардын аймагындагы кафе-ресторандар, тез татым, түнкү клубдар жана коомдук тамактануучу жайлар 2021-жылдын 22-июнунан тартып, таңкы саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин орундуктарын 50%га азайтуу менен ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү бекитилген. Ошондой эле кечки саат 20:00дөн кийин коомдук тамактануучу жайлар буйрутманын негизинде жеткирип берүү жана алып кетүүгө шарт түзүү тартибинде гана иш алып баруусу да каралган.

Жогорудагы эрежеге баш ийбеген ар бир жеке ишкерге айыппулдар салынууда.

Пикир

Оставить комментарий