• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында коомдук транспорт жана тамактануучу жайлар иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагында 25-майдан тарта коомдук транспорт иштей баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коомдук унаалардын күн сайын ичи сөзсүз түрдө дезинфекцияланып жана санитардык эрежелер сакталышы зарыл. Коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн саны орундардын 65 пайызынан ашпашы керек.

Мындан тышкары, 25-майдан тарта кафелер жана башка коомдук тамактануу жайлары өз ишин баштады. Кафе жана коомдук тамактануучу жайларда кардарлар арасында 1,5-2 метрлик аралык сакталуусу шарт.

Пикир

Оставить комментарий