• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында коомдук транспорттор дезинфекцияланууда

Аймак 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында коомдук транспорттор дезинфекцияланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Бүгүн бул багытта Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери коомдук транспортторду дезинфекциялоо иштерин баштады.

Шаардын аймагында жашоочулардын ден соолугуна кам көрүү менен коронавирус жана башка бир катар жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында керектүү иш аракеттер колго алынууда.

Анын алкагында калаадагы азык-түлүк саткан базарлардын, тамактануучу ашканалардын санитардык-гигиеналык жана техникалык абалына жеринде мониторинг жүргүзүлдү. Ага жергиликтүү билйлик өкүлдөрү менен тийиштүү тармактардын кызматкерлери катышты.

Борбордук базарларда сатуучуларга жана ашкана кызматкерлерине санитардык тазалыктын абалына кылдат көңүл буруу керектиги айтылды. Анткени аталаган тейлөө жайларында ооруулардын калк арасында жайылуу коркунучу жогору болору эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий