• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында коомдук транспорт түнкү саат 01:00гө чейин кызмат көрсөтөт

Аймак 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 31-декабрь күнү Жалал-Абад шаарындагы кичи автобустар 22:00гө чейин кадимки шартта иштейт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми №101, 105, 108, 109, 110 маршруттук каттамдардан түнкү саат 24:00гө чейин 4төн кичи автобус "Эркиндик" аянтында жана Ленин көчөсүндө (ЖАГУнун маңдайында) нөөмөттө турат.

Мындан сырткары, Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасынын автобустары кечки саат 20:00гө чейин кадимки шартта иштешсе, №8, 9 автобустук каттамдарында түнкү саат 01:00гө чейин эки автобус нөөмөт менен каттамга чыгат.

Белгилей кетсек, жол акы өзгөртүүсүз баа менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий