• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында "Коопсуз шаар" долбооруна даярдык кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Коопсуз шаар" долбооруна даярдык кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрияга караштуу жол башкармалыгы тарабынан "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында, камералар орнотулуучу жолдордун кесилиштери 100 метр аралыкка чейин кеңейтилет.

Учурда, кеңейтүү иштери Шерматов жана Балтагулов көчөлөрүндө жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында шаардагы 12 көчөнүн кесилишине видео камералар орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий