• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында коронавируска каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык милициясы тарабынан шаар аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу багытында иш пландары түзүлүп, анын алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери автоунаалардагы санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алууда. Айдоочуларга жеке гигиенаны сактоо менен антисептикалык каражаттарды колдонуп, унаа салонуна көп адам салбоо зарылдыгы эскертилди.

Ошондой эле кийим жана жашылча саткан базарлар, тигүү цехтери, ашканалар текшерүүгө алынып, жугуштуу илдеттин күн санап көбөйүп жатканын эске алуу менен санитардык нормаларды жана жеке гигиенаны сактоо керектиги жеткирилди. Милиция кызматкерлери сатуучуларды жарандар менен болгон мамиледе этият болууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий