• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында кутурма оорусун алдын алуу талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Кечээ, 28-сентябрда Жалал-Абад шаардык мэриясында кутурма оорусун алдын алуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында кутурма, күйдүргү ооруларынын алдын алуу, үй жаныбарларынын арасында эпизоотияга каршы алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча маалыматтар берилип, алдын алуу чаралары талкууланды.

Иш-чарага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардагы мекеме-ишканалардын, коомдук ден соолук комитетинин өкүлдөрү жана дарыгерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө шаарда кутурма оорусуна каршы кечиктирилгис чараларды көрүү, мал-жандыктарды жана үй жаныбарларын эмдөөдөн өткөрүү, жолбун иттерди жок кылуу иштерин күчөтүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин колго алуу сыяктуу тапшырмалар берилди.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында кутурма оорусу каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий