• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү текшерүү боюнча рейд өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.05.22./Кабар/. Жалал-Абад шаарында мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү текшерүү боюнча рейд өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан шаардагы соода түйүндөрдө мөөнөтү өтүп кеткен жана тез бузулуучу азыктар текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым супермаркеттерден мөөнөтү өткөн азык-түлүктөр аныкталып, эскертүүлөр берилди. Эскертүү бергилген соода жайларында кайрадан мындай учур аныкталса, 7500 сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Эске салсак, өткөн аптада Ош шаарында тез бузулуучу азыктардан массалык уулануу фактысы катталган. Мындан улам тийиштүү кызматтар жер-жерлерде текшерүүлөрдү өткөрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий