• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында майыптыгы бар жарандарга сый көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында майыптыгы бар жарандарга сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги жана Элим барсыңбы? Жалал-Абад коомдук кайрымдуулук фонду ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге сый-дасторкон уюштуруп, концерттик прогрумма тартуулашты.

Саамалыкка Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова да катышып, Элим барсыңбы? Жалал-Абад коомдук кайрымдуулук фондуна жана облустун район-шаарларынан келген 300гө жакын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жылуу каалоо-тилегин айтып, белектерди тапшырды. Ошондой эле бир катар демөөрчүлөргө ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы 1-2-3-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жергиликтүү казынадан 352 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий