• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында мал-жандыктардын саны өсүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.02.19 /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы элдин колунда турган мал-жандыктар, канаттуулар саны жыл сайын өсүп баратат. Анткени шаардагы калктын жеке чарбасынын саны да өсүүдө. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүн кызматкери Алтынай Баймуратова билдирди.

Өткөн жылдын 10-декабрынан 25-декабрга чейин шаар аймагында малдын жана үй канаттууларынын кайра санагы жүргүзүлгөн. Шаардагы тийиштүү кызматтарга жана аймактык башкаруулардагы кварталдык комитеттерге, кондоминиумдарга тапшырма берилип, 13 кишиден штаб түзүлгөн. Ошондой эле шаардагы аймактык башкарууларда санакчылардын тизмеси бекитилген. Алардын аракети менен шаардын калкынын колундагы мал-жандыктары менен үй канаттууларынын эсеби алынган.

Алынган маалыматтарга караганда, шаардагы кара малдын саны 2018-жылы 4519 болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 111,5 пайыз көбөйгөн. Анын ичинен уйдун саны 1893 болуп, салыштырмалуу 101,7 пайызга өскөн. Ал эми майда жандыктардын (кой-эчки) саны 12 миң 613 болуп, 117,7 пайызга, чочконун саны 12 болуп, 120 пайызга, жылкынын саны 1025 болуп, 121,7 пайызга, үй канаттууларынын саны 20 миң 771 болуп, 113,3 пайызга көбөйгөн.

"Мындай өсүүлөр мал-жандыктар жана үй канаттуулары үчүн шарты бар фермердик чарбалардын жана тургундардын өздүк чарбаларынын санынын өсүшү менен шартталат. Демек, тургундарыбыздын социалдык активдүүлүгү артып жатканы байкалат", - дейт Баймуратова.

Анын айтымында, үй канаттууларын жана мал-жандыктарды кармаган жеке ишкерлер, фермердик чарбаларда өткөн жылы 3236 кара мал болуп, мурдагы жылга салыштырмалуу 105,4 пайыз өскөн, анын ичинен уйлар 1394 болуп, өсүш 102,3 пайызга жетти. Ал эми майда жандыктар саны 8447 болуп, 106,3 пайызга, жылкы саны 915 болуп, 113,8 пайызга, үй канаттууларынын саны 9345 болуп, 100,7 пайызга өскөн.

Жеке кожолуктарда да бул жагынан өсүүлөр байкалат. Мисалы, өткөн жылы кара мал саны 1283 болуп, 130,5 пайызга, анын ичинен уйлар 499 болуп, 100 пайызга, майда жандыктар 4166 болуп, 150,8 пайызга, чочко 12 болуп, 120 пайызга, жылкы 110 болуп, 289,5 пайызга, үй канаттуулары 11 миң 426 болуп, 126,3 пайызга өсүш берген.

Пикир

Оставить комментарий