• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында малды каттоо өнөктүгү жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында малды каттоо өнөктүгү жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аймактык башкармалыктар тарабынан ар бир үйгө кирип, малды каттоо иштери жүрүүдө. Мал санак декабрь айынын аягына чейин жүргүзүлөт. Мында үй канаттууларынан баштап төрт түлүк малга чейин катталат.

Жалал-Абад шаардык мэриясы бул багытта аймактык башкармалыктарга тапшырмаларды берген. Бүгүн биринчи вице-мэр Нуртилек Орозбаев, аппарат башчы Эрнист Зияйдинов малды каттоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алып, үймө-үй кыдырып чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий