• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тил майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тил майрамы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматк ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясы 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамы кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата тилди даңазалоо максытында иш-чара уюштурду.

Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, маданият кызматкерлери жана мугалимдер катышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамы 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий