• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 12-ноябрда Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишембиликке менчигинин түрүнө карабай шаардагы бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Ишембиликтин алкагында эс алуу парктары, аллеялар, мекеме-ишканалардын жана турак жайлардын айланасы, шаардагы бардык көчөлөр, тротуар жана арыктар тазалоодон өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, массалык ишембилик "Таза мурас" өнөктүгүнүн жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен жарыяланган үч айлыктын алкагында өтүп, 2022-жылдын 1-декабрына чейин ар апта сайын улантылат.

Пикир

Оставить комментарий