• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында ишембилик өтүп, 1,3 миң көчөт отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ишембиликке шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жетекчилер, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана окуу жайлардын студенттери катышты.

Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланып, бак-дарактар актап-сырдалып, 1 миң 300 даана каштан дарагынын көчөтү эгилди.

Эскерте кетсек, мэрдин буйругуна ылайык, 1-марттан 1-июнга чейин, шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий