• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында мечиттерде жума намазын окууга болгон чектөө узартылды

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мечиттерде жума намазын окууга болгон чектөө узартылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-августта шаардык штабдын чечими менен 1-сентябрга чейин жума намазын окууга тыюу салынды.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу элдин массалык чогулуусуна жол бербөө максатында мечиттерде жума намазын окуу убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий