• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында медициналык беткап чыгарыла баштады

Аймак 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Дүйнөгө жайылып жаткан коронавирус жана жугуштуу илдеттерден коргонуу максатында Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу медициналык беткаптар тигиле баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан кабарлашты.

Мэриянын маалыматында, бул багыттагы шаар мэри Мураталы Тагаевдин демилгесин “Баяна стиль” тигүү цехи ишке ашырып жатат. Беткаптар атайын жумшак кездемеден (марли) күнүнө 1000 даанадан ашык санда тигилүүдө.

Бүгүн шаар башчысы аталган жайга барып иштин жүрүшү менен жеринде таанышты. Эми сүйлөшүүлөрдүн алкагында даярдалып жаткан бет каптарды жергиликтүү дарыканаларга жеткирүү жагы жолго коюларын айтты.

Көрүлүп жаткан бул аракеттер өлкөдөгү аны менен бирге Жалал-Абад шаарындагы эпидемиялык кырдаалды туруктуу сактоо экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий